Ссылки доступа

Карыздарынан улам Росавиация «Түркмөн аба жолдорунун» учактарын тейлөөсүн токтотту


Росавиация «Түркмөн аба жолдорунун» («Туркменховаеллары») карыздарынан улам анын учактарын Орусия аба мейиндигинде тейлөөсүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу орусия мекемесинин расмий сайтында жазылган.

Росавиациядан белгилешкендей, 2016-жылы түркмөн авиакомпаниясы учактарынын аэронавигациялык тейлениши үчүн топтолгон карыздарын төлөп берүү боюнча бир канча жолу милдеттеме алган. Бирок ал милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Учурда авиакомпаниянын жалпы карызы $220 миңге жетет. Росавиация карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин чектөөлөр алынып, көйгөй чечилет деген үмүттө.

«Түркмөнховаеллары» авиакомпаниясы Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу Ашхабаддан Москва менен Санкт-Петербургга каттамдарды аткарып, Минск, Бирмингем жана Лондонго транзиттик учууларды жасайт.

XS
SM
MD
LG