Ссылки доступа

Тажикстанда Кушаниддер доорундагы байыркы шаар табылды (видео)


Тажикстандын Улуттук музейинин адистери археологиялык казуулардын алкагында Кушаниддер дооруна таандык байыркы шаардан ондогон калдыктарды табышты.

Казуу иштери жүргөн адырда Кушаниддер маалындагы ири соода шаары жайгашкан. Археологдор тыйындарды жана кичинекей айкелдерди, металл халаттарды, керамика жана жасалгалуу буюмдарды табышты.

Казуу иштери эки апта мурун эле башталган жана көөнө шаар али топурак катмарынан толук арыла элек. Иш шаардык чептин эки тарабында тең жүрүүдө.

Улуттук музейдин кызматкерлери археологиялык казууларды 1-октябрга чейин улантышат. Экинчи айлампасы келерки жылы башталат. Бул арада археологиялык иликтөөлөрдүн бюджети болгону 4 миң долларды түзөт. Казуу иштерине беш археолог жана ондон ашуун ыктыярчы тартылган.

Тажик бийлиги акыркы он жылда жердин астынан бир нече байыркы шаарларды казып чыгышты. Табылгалар улуттук маданиятты таанып-билүү үчүн колдонулуп келет.

Архиологическая находка времен Кушанидов в Таджикистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00
XS
SM
MD
LG