Ссылки доступа

АКШ Конгресси: киберчабуулдар үчүн Кремлге санкция киргизүү керек


Америкалык мыйзам чыгаруучулар Обаманы Орусияны дүйнө коомчулугу алдында америкалык компьютердик түйүндөрдү бузууга айыптап, Кремлге каршы санкция киргизүүгө үндөштү.

«Учурда хакердик чабуулдарга каршы президент чара көрө турчу жарлык бар. Эгер Орусия мындан ары дагы президенттик шайлоо кампанияларына тиешеси бар уюмдарга каршы аракеттерин токтотпосо, администрация буга толугу менен жооп берүү укугуна ээ. Маселен, экономикалык санкцияларды киргизе алат», –деди бейшембиде Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо кызматтары боюнча комитеттин мүчөсү Адам Шифф.

Өкүлдөр палатасынын Ички коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл Маколдун айтымында, хакерлер Демократиялык партиянын серверлерин бузуп эле тим болбой, бир катар республикачыл функционерлердин базасына да чабуул жасаган.

Демократтар жана республикачылар арасында президент Обаманын аракетсиздигине нааразы болгондордун саны өсүүдө. Обаманын администрациясы болсо Орусия менен бул багыттагы жаңжалдашуу Сирия боюнча эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салууга жолтоо болот деп кооптонууда.

Сенаттын Эл аралык комитетинин төрагасы, республикачыл Боб Коркердин пикиринде, кеп америкалык шайлоо жараяны жөнүндө болуп жаткан соң, бул кызматташтыкты курмандыкка чалууга болот.

XS
SM
MD
LG