Ссылки доступа

Депортацияланган тажик мигранттары Орусияга жөө барууга аракет кылышууда


Депортацияга туш болгон тажик мигранттары кайрадан Орусияга баруу үчүн опурталдуу жолду тандап, чек араны жөө айланып өтүүгө аракет кылышууда. Мурда аты-жөндөрүн өзгөртүп, жаңы документ менен киришчү.

Орусиянын Омск облусунун прокуратурасы беш тажик мигрантына карата кылмыш ишин ачып, сотко жөнөттү. Алар Казакстан менен Орусиянын чек арасын жөө айланып өтүүгө аракет кылышкан. Мигранттар Петропавловск шаарына бара жаткан поездде таанышкан. Жолдон түшүп калышып, мамлекеттик чек араны айланып өтүп Орусияга барууга аракет жасаган учурда кармалышкан.

Учурда алар камакта. Ушундай эле жол менен башка бир тажик мигрант Молдова жараны менен бирге Белорус менен Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүп кетүүгө чаба жумшаган маалда колго түшкөн.

Тажик мигранттары Орусиядагы тартиптерден кабары жок болгондуктан ушундай ыкмаларды колдонушууда. Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги маалымдагандай, эгер мигранттар мыйзамсыз жол менен Орусияга кайра барышса, иштөө үчүн баары бир патент ала алышпайт. Себеби аларды депортация кылардан мурун манжа издери алынат.

XS
SM
MD
LG