Ссылки доступа

Крым өкмөтү: бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуу зарыл


Аннексияланган Крым өкмөтүнүн башчысы Сергей Аксенов аймакта мамлекет тарабынан бааларды убактылуу жөнгө салууну сунуштады.

"Первый крымский" телеканалына берген маегинде Аксенов мындай чара 2020-жылга чейин зарыл экенин белгиледи. Анын пикиринде, ошол маалда гана жарым аралда эркин атаандаштык пайда болот. Аксенов айткандай, учурда бир катар монополисттер күнүмдүк керектелүүчү товарлардын жана дары-дармектердин наркын көбөйтүп, калктын кыжырына тийүүдө. Начар тейлөөгө жана жогорку бааларга туристтер дагы нааразы болушууда.

Крым 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган. Украина жана эл аралык коомчулук жарым аралдын Орусияга кошулушун тааныган эмес.

Орусияда 18-сентябрда Мамлекеттик Думага шайлоо өтөт. Укук коргоочулар кабарлашкандай, Крымдагы мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди күч менен добуш берүүгө үндөп жатышат.

Украина Жогорку Радасы чет элдик парламенттерге жана эл аралык уюмдарга кайрылып, Крымдагы Мамлекеттик Дума үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыктарын тааныбоого үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG