Ссылки доступа

КМШга төрагалык кылуу Орусияга өттү, Украина каршылыгын билдирди


2017-жылдын 1-январынан тарта КМШга төрагалык кылуу Орусияга өтөт. Мындай чечим КМШ мамлекет башчыларынын 16-17-сентябрда Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко 2017-жылы КМШга төрагалык кылуу укугунун Орусияга берилишин кабыл албай турганын билдирди. Ал каршылыгын Орусиянын Украина аймагынын бир бөлүгүн аннексиялап алгандыгы жана өлкө чыгышындагы куралдуу кагылыштарга кол кабыш кылып жаткандыгы менен байланыштырды.

Дорошенко Украина 2020-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдөгү эл каттоону кубаттай турганын кошумчалады. Анын айтымында, эгер Орусия аннексиялап алган аймактын калкын эсепке кошсо, анда Украина эл каттоонун жыйынтыктарын тааныбайт.

Жооп катары Орусия президенти Владимир Путин Орусия Украинанын аймагынын бир бөлүгүн аннексиялап албаганын билдирди. «Крым Орусияга жарым арал калкынын эрки менен кошулган», — деди Путин.

Ошондой эле ал Украина КМШнын уставын ратификациялабаганын, «ошондуктан ал түзүмдүн ишин уюштуруу боюнча сунуш киргизе албастыгын» билдирди.

XS
SM
MD
LG