Ссылки доступа

Алматыда ипотекалык насыя алгандар акция өткөрүүдө


Алматыда ипотекалык насыя алган жарандар банк келишимдерин кайра карап чыгууну талап кылышууда. Ондогон адам катышкан нааразылык акциясы АТФ Банкынын имаратынын алдында башталды.

Чогулгандар пайыздык үстөктү төмөндөтүүнү жана төлөө мөөнөтүн беш жылга чейин узартып берүүнү сурашууда.

“Калкты турак-жай менен камсыздагыла” коомдук бирикмесинен кабарлашкандай, АТФ Банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда 13 карызкордун келишимин кайра карап чыгуу чечими кабыл алынган. Акциянын катышуучуларынын арасында башка банктан насыя алгандар дагы бар.

Алар “БТА-Ипотека” компаниясына чейин жүрүш жасашат.

Казакстанда ипотеканы мамлекет тарабынан каржылоо программасына 130 миллиард теңге бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG