Ссылки доступа

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес


Атайын кызмат Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракеттерди издөө үчүн Өзбекстанга барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Чоткараев бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде билдирди.

Ал интернетте тараган маалыматты УКМКнын беделине көө жабуу аракети катары баалады.

Fergananews.com сайты 18-сентябрда өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөнүн, июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек активисттеринин туугандарын Роза Отунбаевага жана Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүп жатканын жазып чыккан.

Коопсуздук кызматтын агенттери Өзбекстанга чейин барышып, июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушканын, аларга Роза Отунбаева, Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу менен чыгуу сунушу берилгенин кабарлаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген Эдил Байсалов кечээ Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаев атайын кызматка өзүн камоо тууралуу буйрук бергенин айтып чыккан. Маалымат сайттагы макала боюнча парламенттик комиссия түзүүнү, иликтөө учурунда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылган.

XS
SM
MD
LG