Ссылки доступа

ЕККУ конференциясында Түркмөнстан боюнча эки башка баяндама жасалды


Польшанын борбору Варшавада 19-сентябрда ЕККУнун адам укуктарына арналган конференциясы башталды. Иш-чара 30-сентябрга чейин уланат. Түркмөнстандын расмий делегациясын ТИМ башчысынын орун басары Вепа Хаджиев жетектеп барган.

Конференциянын жүрүшүндө Түркмөнстандын Республикалык партиясынын жетекчиси, бозгунда жүргөн Нурмухамед Ханамов сөз сүйлөдү. Ал Түркмөнстан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузган, дүйнөдөгү эң эле жабык өлкөлөрдүн бири экенин билдирди.

«Президент Ниязовдун өмүрүнө кол салуу иши боюнча 2002-жылы камалган адамдар азыр деле түрмөдө отурат. Алардын көбү тууралуу эч кандай маалымат жок. Жакында эле темир тор артында көз жумган экөөнүн сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Жасат табытын ачууга, аза зыйнатын өткөрүүгө жана бул фактыны ачыкка чыгарууга тыюу салынды», - деди Ханамов.

Оппозиционер эл аралык коомчулукка, анын ичинде ЕБ өлкөлөрү менен АКШга кайрылып, саясий туткундар маселесин чечүүгө, камактагыларга дарыгерлерди жана жактоочуларды киргизүүгө Түркмөнстанды көндүрүүгө чакырды.

Өз кезегинде министр орун басары Түркмөнстан жабык өлкө эместигин, себеби 130дай эл аралык келишимге кол койгонун жана эл аралык уюмдар менен байланышта экенин белгиледи.

Быйыл майда Түркмөнстан эл аралык компаниялар уюштурган “Аларды түрүү көрсөткүлө ” акциясынын алкагында түзүлгөн тизмедегилердин жарымы тууралуу маалымат берген. Ал жерде камактагы 104 киши жөнүндө сөз болгон.

XS
SM
MD
LG