Ссылки доступа

Александр Лукашенко: Москва Минскке басым жасоодо


Беларус президенти Александр Лукашенко газга болгон баага байланыштуу Орусия Беларуска басым жасап жатканын билдирди. Ал Москва менен Минск бир нече айдан бери көгүлтүр отундун баасы боюнча макулдаша албай жатканын белгиледи.

Лукашенконун пикиринде, буга байланыштуу Орусия тарап Беларуска мунай жеткирүү көлөмүн азайтты. Президент Москванын мындай аракетин өлкөгө басым жасоо катары баалайт. БЕЛТА агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу Лукашенко Союздук мамлекеттин баш катчысы Григорий Рапота менен болгон жолугушуусунда айтты.

Беларус президенти өкмөткө постсоветтик мейкиндикте өлкөнүн интеграциялык катышуусун оптималдаштырууну тапшырганын билдирди. Ал Минск Беларустун Евразиялык экономикалык биримдикке катышуусун анализдеп жатканын кошумчалады. "Макулдашкан нерселердин бардыгы тең бузулууда", деп билдирди беларус лидери.

XS
SM
MD
LG