Сайдиктин айтымында, коопсуздук боюнча жумушчу топ аскер күчтөрүн жана техниканы үч аймактан таратуу маселесин акыры чечти. Эми келишимди Донецк жана Лугансктын лидерлерине кол коюу үчүн тапшырышат.
Документке Украина жана Орусия өкүлдөрү кол коюшту. Мындан тышкары буга жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарынын өкүлдөрү дагы макулдугун берди.
Украина тарап билдиргендей, эгер келишим аткарылса, бул Донбасстагы маселени чечүүнүн жаңы деңгээлинин башаты болуп калат. Келишимге ылайык, жаатташкан тараптар коопсуз зоналар болгон Золотое, Петровск жана Луганск станицасынан бир чакырым артка чегинүүсү керек. Бул - аскерди алып кетүүдөгү алгачкы олуттуу аракет.