Ссылки доступа

Өзбекстанда мажбурлап пахта жыйнатуу маалында бир келиндин боюнан түштү


Мажбурлап пахта жыйноого жөнөтүлгөн Жизак облусунун Зарбдар районундагы «Мустакиллик» маалесинин 28 жаштагы жашоочусу Диларом Жураеванын боюнан түштү. Анын ичиндеги наристеге алты ай болуп калган. Жергиликтүү тургундар келинди маале активисттери мажбурлашканын айтышууда.

Зарбдар районунун жашоочуларынын бири жарандык жыйын башчысы кош бойлуу келинди пахта жыйноого барууга мажбурлаганын билдирди. «Аны барбаса көз жаргандан кийин баласына жөлөк пул бербей турганын айтып коркуткан. Үйүнө да милиция кызматкерлерин жөнөткөн. Пахта жыйноонун алгачкы күнү эле жүрөк заада болгон аялдын боюнан түшүп калды. Мен аны өз көзүм менен көргөндүктөн дагы деле өзүмө келе албай турам. Маале төрагасы менен РИИБ кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек деп эсептейм», – деди окуянын күбөсү.

Жергиликтүүлөрдүн айымдарында, ыйгарым укуктуу мекемелердин өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жашоочулардын пахтага чыгууларын талап кылышкан. «Алар пахта жыйноого ар бир үй-бүлөдөн кеминде бирден киши чыгыш керек экенин айтып, анын «жогорку» жактын буйругу экенин жана сөзсүз аткарылышы керектигин билдиришкен», - деп кошумчалашты жергиликтүүлөр.

Маале төрагасы Латиповдун айтымында, келиндин боюнан түшүп калуусуна Жураеванын өзү менен анын үй-бүлө мүчөлөрү күнөөлүү. «Анын үйүндө күйөөсү менен эки эркек бир тууганы жумушсуз отурат. Биз бир аз акча иштеп таап алышсын деп аларга пахта жыйноо сезону башталганын айтканы барганбыз. Анда Диларом таза абада болууну каалап жатканын айтып, талаагы чыгуу каалоосун билдирген. Аны эч ким мажбурлаган эмес», – деп билдирди ал.

Бирок аталган мааледе жашаган булактар 28 жаштагы Диларом Жураеванын үй-бүлөсү аларга район жетекчилиги барып кеткенден кийин бийликке болгон дооматтарынан баш тартканын айтып жатышат. Жизак облусунан алынган маалыматтар боюнча, бул окуядан кийин Зарбдар районунун бийлиги кош бойлуу аялдарды, анын ичинде 1-2 айлыктарын да пахта жыйноого чагырууну убактылуу токтотту.

XS
SM
MD
LG