Ссылки доступа

Казакстанда полициячы менен журналист соттошууда


Оролдо полициячы Даниар Ракишев менен аймактык “Орол жумалыгы” гезитинин редактору Тамара Еслямованын ортосундагы соттук иш башталды.

Буга чейин “Орол жумалыгы” гезити “Майор Ракишев сыяктуулар эмнеден коркушат” деген тема менен макала жарыялаган. Полициячы ар-намысы менен абийирине шек келгенин билдирип, арыз менен сотко кайрылган.

Журналист Оролдо жаздагы жер реформасына байланыштуу акцияда журналисттер массалык түрдө кармалгандан кийин, майор Ракишев андан кечирим сураганын жазган. Тартип сакчысы муну четке кагууда. Ракишев жаманатты болгонун айтып, бул үчүн журналисттен 10 миллион теңге (30 миң доллардай) өндүрүп берүүнү, аны балдар үйүнө которууну талап кылууда.

Редактордун таламын талашкан укук коргоочу макалада полициянын кадыр-баркына доо кетирген пикир жок экенин билдирүүдө.

“Орол жумалыгы” гезити журналисттер тарабынан түзүлгөн. Басылма Батыш-Казакстан облусунда бийликти сындаган материалдары менен белгилүү. Гезитке доо арткан арыздар байма-бай түшүп турат.

Полициячы менен редактордун кийинки соттук отуруму 12-октябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG