Ссылки доступа

Түркмөнстан батышка газ жеткирүү үчүн инфраструктура даярдоодо


Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, Түркмөнстандын Марый облусунда газ компрессор станцияларынын курулушу башталды.

Станциялар «Чыгыш-Батыш» ички газ түтүгү үчүн курулууда. Ал аркылуу Марый аймагындагы Галкыныш жана Довлетабат кендеринен Каспийге чейин көгүлтүр отун жеткирүү пландалууда. Келечекте андан ары транскаспий газ кууру аркылуу Европа Биримдигине чыгуу дымагы бар.

Жалпысынан жол жээгин бойлой жети компрессор станциясы курулат. Алар үчүн негизги жабдууларды Dresser-Rand S.A компаниясы жеткирип берет. «Түркмөнгаз» мамлекеттик ишканасы аталган компания менен тиешелүү келишимдерге кол койду.

XS
SM
MD
LG