Ссылки доступа

Кытай тажик-ооган чек арасында төрт чек ара бекетин курат


Кытай тажик-ооган чек арасында төрт чек ара бекетин жана аскердик окуу борборун курат. Тажикстан өкмөтү бул багыттагы келишимдин долбоорун бекитти. Ага ылайык, кытай тарап бул объектилерди гранттык каражаттын эсебинен салат.

Мындан тышкары Кытай тажик чек арачылары үчүн административдик жана кызматтык имараттарды, машыгуу аянттарын куруп, аларды тиешелүү жабдуулар менен камсыздайт. Ошондой эле долбоорлоо ишине өз инженерлерин тартат.

Өз кезегинде Тажикстан объект курууга жер тилкесин бөлүп берет жана кытай адистеринин коопсуздугун камсыз кылат. Кытай тарап курулуш боюнча салыктын бардык түрүнөн, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотулат.

Учурда Кытай Тажикстан экономикасындагы ири инвесторлордун бири. Дүйшөмбү Пекинге бир миллиард доллардан ашуун акча бересе. Бул өлкөнүн тышкы карызынын дээрлик жарымын түзөт. Бул насыялар инфраструктураны жакшыртууга , анын ичинен жолдорду жана тоннелдерди курууга жумшалган.

Ошондой эле Пекин 2018-жылга чейин Дүйшөмбүгө 6 миллиард доллардан ашуун каражат берүүнү убадалаган. Бул акчанын жарымы Борбор Азия-Кытай газ куурунун Тажикстан аймагындагы 400 чакырымга барабар бөлүгүн курууга жумшалат.

XS
SM
MD
LG