Ссылки доступа

Авиасоккулардан Пакистан талиптеринин үч лидери өлтүрүлгөнү кабарланууда


Ооганстандын Пактика аймагындагы ооган аскер аба күчтөрү менен НАТОнун биргелешкен авиасоккулары маалында пакистан талиптеринин үч лидери өлтүрүлгөнү кабарланууда.

Булактар «Хан Саид» тобунун Азам Тарик деген ат менен белгилүү басма сөз катчысы да каза болгонун билдиришти. Маалыматка ылайык, аны менен бирге уулу жана Түндүк Вазиристан талиптеринин экөөсү өлтүрүлгөн.

Ооганстандын Коргоо министрлиги соккулар тууралуу маалыматтарды ырастап, андан «Аль-Каиданын» үч лидери менен алты согушкер каза болгонун билдирди.

Министрликтин өкүлү Мухаммад Радманиш алардын арасында Тариктин болушу мүмкүн экенин айтты. «Хан Саид» пакистан талиптеринин лидери Фазлуалла менен байланышын 2014-жылы үзүп, анын мүчөлөрү Түндүк Вазиристанда өз алдынча аракет көрөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG