Ссылки доступа

Түркияда аскер автобусунда жардыруу болду


Түркиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө аскер автобусу жарылып, анын кесепетинен 10 коопсуздук кызматкери өлдү. Дагы сегиз адам жаракат алды.

Жардыруу Дерык жана Кызылтепе шаарларынын ортосундагы трассада болду. Бул чөлкөмдө көбүнчө күрддөр жашайт. Азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок бийлик тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын күнөөлөп жатат. Анын мүчөлөрү мурда ушул сыяктуу чабуулду жасаганын моюнга алган болчу.

Өткөн жылы тынчтык жараяны ишке ашпай калгандан кийин күрд согушкерлери менен түрк аскерлеринин ортосунда уруш кайрадан жанданган. Андан бери 600дөн ашуун коопсуздук кызматкери жана миңдеген күрд курман болду. Түркиядагы 15 миллиондой күрд өз алдынча болууга умтулуп келет. Мунун айынан 1984-жылдан бери өлкөдө байма-бай жаңжалдар чыгып турат. Араздашуунун айынан жалпысынан 40 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG