Ссылки доступа

Азербайжанда референдум өттү


Мыйзамга ылайык, референдум өттү деп эсептелет. Себеби ага шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгыраагы катышты. Натыйжада президенттин мөөнөтү узарып, талапкердин жаш курагы төмөндөтүлүп, жаңы вице-президент кызматы киргизилди.

Азербайжанда 26-сентябрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болду. Атуулдар 5 627 шайлоо тилкесинде добуш беришти. Саясий өнөктүктүн жүрүшүнө 53 миңден ашуун байкоочу көз салды. Өлкөдө 5 миллиондон ашуун адам референдумга катышуу укугуна ээ.

Азербайжан Конституциясы 2002 жана 2009-жылдары да өзгөртүлгөн. Бул сапар шайлоочулар баарына бир эле “макул” же “каршы” деп добуш бербей, өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдоп, кээ бирин четке кагуу укугуна ээ болушту.

Эң эле олуттуу өзгөртүүлөр – президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узартуу болуп саналат. Өлкөнүн азыркы башчысы Ильхам Алиев такта 2003-жылдан бери отурат. Бийлик ага оорулуу атасынан өткөн. Алиев үч сапар президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Анын бул жолку ыйгарым укуктары 2018-жылы бүтмөк.

Андан тышкары президенттике талапкерлердин төмөнкү жаш курагы тууралуу талапты алып салуу жана парламенттин депутаттыгына талапкерлердин жаш курагын 25тен 18 жашка чейин төмөндөтүү белгиленген.

Байкоочулар бул өзгөртүүлөр атайын президент Ильхам Алиевдин уулу Гейдар үчүн киргизилгенин айтышууда. Өлкө лидеринин уулу жакында 18 жашка толду.

БШК референдум өттү деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG