Ссылки доступа

АКШда Клинтон менен Трамптын алгачкы президенттик дебаты өттү


Нью-Йорктогу Хофстра университетинде демократ Хиллари Клинтон менен республикачы Дональд Трамптын бетме-бет дебаты башталды. Акыркы сурамжылоо боюнча, Дональд Трамптын рейтинги өсүп, Клинтон менен дээрлик теңелди.

Клинтон дебатта орто турмуштагы карапайым калктын, анын ичинде студенттер менен жаш энелердин жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасай турганын билдирди. Ал бул мүдөөсүн өтө бай америкалыктарга салыкты көбөйтүү менен ишке ашырат.

Дональд Трамп болсо бизнес-коомчулукту колдоп, корпоративдик салыктарды кыскартуу менен ишкерлерди Америкага тартып, жаңы жумуш орундарын түзө турганын айтты.

Дебат катышуучулары өлкөнүн расаларга болгон мамилесине дагы токтолушту. Клинтондун пикиринде, соттук-тергөө системасындагы расалык жана улуттук азчылыктарды басмырлоону жокко чыгаруу керек. Ал ошондой эле курал-жарак сатууну көзөмөлдөөнү күчөтүүнүн үстүндө күрөшөрүн билдирди. Трамп болсо укук коргоо органдарынын санын көбөйтүү жана катуу көзөмөл жүргүзүү менен өлкөдөгү тартипти камсыздоону пландап жатканын баса белгиледи.

Тышкы саясатка келгенде, Клинтон Орусия хакерлеринин чабуулдарына каршы турууну биринчи планга коет. Трамп болсо Орусиянын өзөктүк куралдарын жаңылап жатканына көбүрөөк кабатыр. Ал буга каршы Кошмо Штаттар тийиштүү деңгээлде жооп берген жок деп эсептейт.

Бул - шайлоого чейин боло турган бир жарым сааттык үч дебаттын биринчиси. Алардын атаандаштарга таасири чоң болору күтүлүп жатат. Анткени, соңку коомдук изилдөөлөр добуш берүүчүлөрдүн жарымы дебаттардын негизинде акыркы чечимин чыгарарын көрсөттү.

Миллиардер талапкер Дональд Трамп буга чейин бетме-бет дебатка катышкан эмес. Клинтон мурдагы шайлоодо, 2008-жылы талапкер Барак Обама менен дебатка чыккан болчу. АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG