Ссылки доступа

Тажикстанда соттолуп жаткан белгилүү адвокат экстремист эместигин билдирүүдө


Адвокат Бузургмехр Ёров  сот жыйынында Тажикстан кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн партияны колдогондон эмес, профессионалдык милдетинен улам жактаганын билдирди.

Сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып Ёров бардык айыптоолорду четке какты. Ал ойдон чыгарылган кылмыш боюнча убагында өлүм жазасына белгилүү адамдар – Шириншо Шотемур жана Нусратулло Махсум тартылганын баса белгиледи.

Соттук отурум жабык режимде өттү. Ага болгону айыпталуучунун туугандары гана катышты, журналисттерди, эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУнун мүчөлөрүн ичкери киргизишкен жок.

«Тыюу салынган диний партиянын камактагы мүчөлөрүнүн туугандары жардам сурап Еровго кайрылышкан. Ал адистик милдетинен улам баш тарткан эмес. Ал сотто экстремист эмес, болгону адвокат экенин, Тажикстан кайра жаралуу партиясынынын мүчөлөрү күнөөлүү болсо, демек аларга карата эбак эле өкүм чыкканын кошумчалады. Бул жерде адвокат эмне себептен жабыркап жатканы түшүнүксүз”-деди анын эжеси Хосият Ёрова.

Жактоочу сот адилеттүү жана объективдүү өкүм чыгарарына ишенбейт. Мамлекеттик айыптоочу Бузургмехр Ёровду 25 жылга, Нуриддин Махкамовду 23 жылга эркинен ажыратууну сурады. Жактоочулар улуттук, расалык, диний кастыкты козутуп, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоого айыпталышууда.

XS
SM
MD
LG