Ссылки доступа

Алепподо Асаддын кургактагы аскерлери ири чабуул баштады


Сирия өкмөтүнүн аскерлери жана тарапташтары оппозиция көзөмөлдөгөн Алеппонун бир катар аймактарына чабуул жасап баштады. Reuters агенттиги айыгышкан согуш жүрүп жатканын кабарлоодо.

Кургактагы өкмөт аскерлери төрт тараптан тең сокку уруп, шаардын түндүк-батышындагы райондордун бирин ээлеп алды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарадарларды Алепподон алып чыгып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачып берүүнү талап кылууда.

АКШ президент Асад менен анын орусиялык жана аймактык тарапташтарын абалды тынчтык жолу менен жайгаруу жараянын бузду деп айыптоодо.

Орусия жана АКШ ортомчулугу менен жетишилген элдешүү келишими бир жумадан кийин эле үзгүлтүккө учураган. Вашингтондун пикиринде, Москва менен Дамаск медициналык жана гуманитардык объектилерге сокку уруу менен “түркөйлүгүн” көрсөтүүдө.

Маалыматтар боюнча курчоодо калган Алеппонун райондорунда 250 миңдей тургун бар. Жүздөгөн киши акыркы аптадагы тынымсыз атышуулардын курмандыгы болду. Алардын көбү бомбадан кийин кыйраган имараттардын алдында калышты.

XS
SM
MD
LG