Ссылки доступа

Тажикстанда ресторандарда чылым чегүүгө тыюу салынышы мүмкүн (видео)


Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги даярдап жаткан чылым чегүүнү чектөө тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдө көчөдө тамеки сатууга жана аны ресторандар менен башка көңүл ачуучу жайларда чегүүгө тыюу салуу сунушталган.

Ошол эле маалда психикалык ооруканалар менен түзөтүү жайларында тамеки тартууга уруксат берилген. Расмий статистика боюнча учурда өлкөнүн 500 миң жашоочусу чылым чегет, алардын 78%ын эркектер, 10%ын аялдар жана 12%ын өспүрүмдөр түзөт.

«Ооба, өзгөртүүлөр мыйзамды кыйла катаалдаштырат, бирок мындай чектөөлөр коңшу өлкөлөрдө да бар. Алар чылым көп чегүүдөн улам пайда болчу жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алууга багытталган», - деди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Жафаров.

Тажикстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын ратификациялаган. Өлкөдө 2010-жылдан бери «Чылым чегүүнү чектөө жөнүндөгү» мыйзам иштейт. Эксперттердин пикиринде, акыркы кездери жаштар менен аялдар арасында тамеки жана насвай тартуу көбөйүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө тамекиге каршы күрөшүү боюнча программасынын жетекчиси Жошуа Абрамс бул тармактагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Тажикстанга барган. Анын айтымында, чылымдын баасын 10% жогорулатуу жер шарындагы 10 миллиондон ашык адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Таджикистан намерен запретить курение в ресторанах
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

XS
SM
MD
LG