Ссылки доступа

АКШ Конгресси президенттин ветосун жойду


АКШ Конгресси жана Өкүлдөр палатасы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга байланыштуу башка өлкөлөргө, анын ичинде Сауд Арабиясына карата соттук арыздарды жазуу укугун берчү мыйзамды кабыл алды. Документтин долбооруна буга чейин президент каршы чыгып, вето койгон.

Бул Барак Обама президент болуп турган мезгилдеги анын ветосун конгрессмендер ашып түшкөн алгачкы учур болуп калды.

Өкүлдөр палатасында ветону жоюуну 348 конграссмен колдосо, 77си каршы добуш берди. Сенатта 97 киши макул болуп, бирөө гана каршы чыкты. Эми мыйзам долбоору күчүнө кириши керек.

23-сентябрда президент Барак Обама Конгресс тарабынан кабыл алынган мыйзам долбооруна вето койгон. Ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттын курмандыктарынын туугандарына чет өлкөлүк жарандар менен өкмөттөргө, анын ичинде Сауд Арабиясына карата доо арыз жазуу укугун бермек. Терактка катышкан 19 адамдын 15и аталган өлкөнүн жарандары болушкан.

Сауд Арабиясы менен анын союздаштары мыйзам долбоорунун кабыл алынышы терс натыйжаларга, анын ичинде расмий байланыштардын кыскаруусуна, америкалык экономикадан миллиарддаган долларларды чыгарып кетүүгө, Персия булуңундагы өлкөлөрдүн контртеррористтик операцияларга катышуусунун азайышына жана АКШнын аймактагы маанилүү авиабазаларга кирүүсүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келерин эскертишти.

Обама болсо Конгресстин чечимин "кооптуу прецедент" деп атады.

XS
SM
MD
LG