Ссылки доступа

Казак провайдерлери: Кыргызстандагы интернет Орусиядагы баалардан улам жогорулады


Кыргызстандагы интернетке болгон тарифтин көтөрүлүшү Орусиядагы баалардын кымбаттоосунан келип чыкты. Мындай маалыматты казакстандык интернет провайдерлер кыргызстандык кесиптештери менен сүйлөшүү учурунда билдиришкен.

Бул тууралуу Кыргызстандагы байланыш операторлору ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда Орусиянын антимонополия кызматына кайрылуу жолдонду.

Абаскановдун айтымында, 21-сентябрда Астанада Кыргызстан менен Казакстандын монополияга каршы күрөшүү кызматтары жолугуп, он күндүн ичинде казакстандык провайдерлер интернет баасын төмөндөтүү боюнча келишимге жетишкен. "Бирок азырынча казактар тараптан эч кандай кадам таштала элек", - дейт Абасканов.

Кыргызстандын антимонополия кызматы эки тараптуу жолугушуудан соң, казак тарап интернеттин баасын жана ылдамдыгын мурунку калыбына келтирүүгө макул болгонун маалымдаган.

Казакстандык провайдерлер 10-сентябрдан тарта Кыргызстанга берилүүчү интернеттин баасы кымбаттарын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG