Ссылки доступа

Ташкент Дүйшөмбү менен мамилени жакшыртууга даяр


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 29-сентябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Дипломат Дүйшөмбүгө жумушчу сапар менен келген.

ТИМ башчысынын айтымында, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев эки тараптуу кызматташуунун мындан ары өнүгүшүнө, ортодогу көйгөйлөрдүн чечилерине, достук мамиле жанданарына бекем ишенет.

Абдулазиз Камилов Эмомали Рахмон менен жолугушуудан кийин журналисттер менен маек куруп, Ташкент Дүйшөмбү менен экономикалык кызматташууну калыбына келтирип, темир жол жана аба байланыштарын жандандырууга кызыктар экенин айтты. Өзбекстан ТИМ башчысы мындан тышкары суу-энергетикалык маселелер адилеттүү жана эки тарапка тең пайдалуу негизде чечилерине үмүт артты.

Талдоочулар жакынкы айларда Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилеси жакшырат деген пикирде. Алардын айрымдары байкагандай, акыркы жылдардан бери биринчи жолу Абдулазиз Камилов 23-сентябрда БУУнун трибинасында сүйлөп жатып, баяндамасы суу-энергетикалык көйгөйлөргө арналса дагы Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу жөнүндө кеп козгогон эмес.

Эксперттердин баамында, Камилов менен Рахмондун жолугушуусунан кийин экономика жана соода маселелери боюнча тажик-өзбек мамлекеттер аралык комиссиясы виза режимин жоюу, чек арадагы райондордун көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп баштайт.

XS
SM
MD
LG