Тараптар терроризм, диний экстремизм, маңзат менен курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү жана башка аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна олуттуу коркунуч жараткан көрүнүштөргө каршы биргеликте күрөшүү боюнча пикир алмашышты.
Террордук жана экстремисттик уюмдар ишмердүүлүгүн жандантып, аймакка жат идеологияны таркатууну күчөтүп жаткандыгына байланыштуу тараптар ага каршы бирге күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Коопсуздук маселесин талкуулоо учурунда өзгөчө көңүл тажик-ооган чек арасындагы абалга бурулду. Бордюжа менен Рахмон Тажикстандын чек ара аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана бекемдөөдө кызматташууну арттырууга көнүл бөлүштү.