Ссылки доступа

Сауд Арабия 11-сентябрдагы теракт доосу жөнүндөгү мыйзамды айыптады


Сауд Арабия 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт курмандыктарынын туугандарына чыгымды кайтаруу үчүн королдукту сотко берүүгө жол ачкан  мыйзамды айыптады.

Эр-Риядда муну тынчсызданууну жараткан мыйзам деп атады. “Суверендүү мамлекеттердин эрозиясы бардык улуттарга, анын ичинен АКШга терс таасирин тийгизет”,-деп айтылат Сауд Арабия ТИМинин билдирүүсүндө.

АКШ конгресси 28-сентябрда бул мыйзамга каршы чыккан президент Барак Обаманын ветосун жойгон. Сауд Арабия ТИМи “олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерден оолак болуу үчүн" Кошмо Штаттардын Конгресси мыйзамды оңдойт деп үмүттөнөт.

Республикачылардын өкүлдөрү жаңы мыйзамдын аркасы менен АКШ жүргүзгөн аскер кампаниясынын алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн чет өлкөлүктөр америкалык аскерлерге каршы доо арыз менен кайрылышы мүмкүн экенин моюнга алышты. Республикачылар мыйзамдын текстин ноябрдагы президенттик шайлоодон кийин кайра карап чыгууну сунушташты.

Нью-Йорктогу терактта курман болгон үч миңдей адамдын туугандары Сауд Арабия менен соттошуу ниетинде. Себеби кол салууга катышкан 19 террорчунун 15и ушул өлкөнүн жарандары болгон. Эр-Рияд терактка тиешеси жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG