Күбөлөрдүн айтымында, Нью-Йорктон жүргүнчүлөр менен келе жаткан поезд станцияга жеткени калганда ылдамдыгын азайткан эмес. Натыйжада ал Хобокен шаарындагы вокзалдын имаратына кирип кеткен.
Авариянын кесепетинен вагондор талкаланды. Алдын-ала маалыматтар боюнча окуя маалында поездде 250 жүргүнчү болгон.