Ссылки доступа

Укук коргоочу конституциялык референдумду мыйзамсыз деп таануу үчүн сотко арыз берди


“Жарандык көзөмөл” кеңешинин мүчөсү Рита Карасартова 30-сентябрда Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылып, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана  регламент комитетинин төрайымы Асел Кодуранованын үстүнөн арыз берди.

Жарандык активист Рита Карасартова “Референдумду дайындоо” мыйзам долбоору комитет тарабынан мыйзамдарды одоно бузуу менен каралды деп эсептейт. Арызда Башмыйзам менен Жогорку Кеңештин регламенти бузулган, Конституциялык палатанын корутундусу жана коомдук талкуулардын жыйынтыгы жок деп белгилеген. Ошондой эле 27-сентябрда аталган комитетте мыйзам долбооруна добуш берүүдө да эрежелер бузулганы айтылган.

“Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинде мыйзамсыз каралганын, добуш берүү эрежелери бузулганын 29-сентябрда парламент отурумунда “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакупова да айтып чыккан. Комитет төрайымы Асел Кодуранова мындай айыптоолорду “негизсиз” деп четке каккан.

“Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоорун 29-сентябрда Жогорку Кеңеш 1-окуудан кабыл алды. Дагы эки окуудан өтсө, 4-декабрь Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Референдум күнү деп жарыяланат.

XS
SM
MD
LG