Ссылки доступа

Журналисттерди коргоо комитети Матаевдерге тагылган айыптарды алууга чакырды


Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети Казакстан бийлигин өлкөнүн журналисттер бирикмесинин төрагасы, Улуттук пресс-клубдун президенти Сейтказы Матаев менен анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин директору Асет Матаевге тагылган айыптарды алууга чакырды.

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу Сейтказы Матаевди мамлекеттик тапшырык боюнча бөлүнгөн 380 миллион теңгени кымырып алууга, ошондой эле 327 миллион теңге өлчөмүндөгү салык төлөөдөн качууга айыптаган. Асет Матаевге дагы ушундай эле айыптар тагылган. Прокуратура Сейтказы Матаевди алты жыл сегиз айга, Асет Матаевди алты жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик айыптоо алардын мүлкүнүн конфискацияланышын талап кылган.

Журналисттерди коргоо комитетине Асет Матаев айыптар аларга «өлкөдөгү абал жөнүндөгү фактыларды чагылдыргандыгы үчүн өч алуу максатында» тагылганын билдирген. Сейтказы Матаев соттогу акыркы сөзүндө алар «басма сөз эркиндигине, жарандык активдүүлүккө жана Казакстандын журналисттерин коргоого багытталган профессионалдык ишмердүүлүгүн чектөө» максатында куугунтукка кабылып жатканын айтты.

Журналисттерди коргоо комитетинин билдирүүсүндө Матаевдерди куугунтуктоо аларды коргоо комитетин түзгөн тарапташтарын гана эмес, Европа парламентин да тынчсыздандырып жатканы айтылган. Ушул жылдын мартында Европа парламенти Казакстандын бийлигин өлкөдөгү көз карандысыз ММКларга басым жасоону жана Матаевдерди куугунтуктоону токтотууга үндөгөн резолюция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG