Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлду


Кыргызстандык делегациянын 1-октябрда Өзбекстандын Анжиян шаарына болгон сапары маалында эки тараптуу алаканы жакшыртууга багытталган макулдашууга кол коюлду.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация Өзбекстанга расмий Ташкендин чакыруусу менен барган. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын Анжиян аймагындагы маданий, стратегиялык жана экономикалык объекттерди кыдырып, кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча иш-чараларга катышты.

130 адамдан турган делегациянын курамына Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлдөрү жана башка аткаминерлер, маданий ишмерлер, артисттер, спортчулар кирди. Сапар учурунда чек ара маселеси да козголуп, бул багыттагы кызматташтыкты оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул акыркы 10 жылдан бери Өзбекстанга болгон алгачкы достук сапар болуп калды.

XS
SM
MD
LG