Ссылки доступа

УКМК тажик укук коргоочусу Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин жандандырды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин жандандырды.

Маалымдалгандай, буга чейин "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок ал эл аралык издөөгө алынгандыктан 2015-жылдын 14-сентябрында кылмыш иши токтотулган.

Собировдун жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Кыргызстанга келгенине жана изделип жаткан адам жашаган жерде тергөө амалдарын жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу атайын кызмат бул ишти кайра жандандырды.

Хамзаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 2-октябрга караган түнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда кармашкан.

УКМК Жанетта Хамзаеванын катышуусунда анын жашаган жерин тинтүүгө алган. Атайын кызмат аны күбө катары суракка алып, кайра бошотту.

Собир Валиев “Группа-24” кыймылынын активисттеринин катарында Европа мамлекеттеринде, Орусияда жана Түркияда бир канча жолу тажик бийлигин демократияга үндөгөн акцияларга катышкан.

Расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 2015-жылы Кишиневде колго түшүп, бир айга чукул Убактылуу кармоочу жайда жаткан, бирок сот аны боштондукка чыгарган. Учурда ал эл аралык издөөдө жүрөт.

XS
SM
MD
LG