Ссылки доступа

Москвада тыңчылыкка айыпталып украиналык журналист кармалды


«Укринформ» агенттигинин журналисти Роман Сущенко тыңчылыкка айыпталып, тергөө абагында камалып турат. Бул тууралуу Москванын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Зоя Световага шилтеме кылып «Ачык Орусия» билдирди.

Укринформдун» Париждеги кабарчысы, Украинанын жараны Роман Сущенко укук коргоочуларга 30-сентябрда Москвада кармалганын айткан. Ага психологиялык кысым көрсөтүлүп, жубайына телефон чалууга уруксат беришкен эмес. Журналист 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган «тыңчылык» беренеси боюнча айыпталууда. Сущенконун камакка алынганын Украинанын Москвадагы консулу ырастады.

"Укринформ" маалымат агенттиги Роман Сущенконун Москвада кармалышын атайын пландалган чагым деп баалоодо. "Көп жылдык кемчиликсиз репутацияга ээ, Евробиримдиктин эң таасирдүү өлкөлөрүнүн биринде аккредитациядан өткөн, ошол эле маалда «норманд форматынын» катышуучусу болгон журналисттин "тыңчылыкка" айыпталышы Орусия тараптан украин жарандарына карата жасалган кезектеги орой жана мыйзамсыз акт катары гана бааланат", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

"Укринформ" менен журналисттин жубайы орусиялык журналист Марк Фейгин менен келишим түзүштү. Ал Сущенко менен жолугушуу үчүн Москвадагы "Лефортово" тергөө абагына барды.

Украина ТИМи Москвада украиналык журналист Роман Сущенконун кармалышы жана камакка алынышы тууралуу маалыматты текшерүүдө. "Укринформ" журналисттер коомчулугуна, эл аралык укук коргоо уюмдарына, Украинанын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелерине кайрылып, Роман Сущенкону эркиндикке чыгарууга көмөктөшүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG