«Бургылаунун» жумушчуларынын бири Бекарыс Толесиновдун айтымында, арыз Жаңы-Өзөн шаарынын акими Елубай Абиловдун атына жазылып, ага 150 киши кол койгон.
KazPetroDrilling («Бургылаунун» башкы акционери) компаниясынын президенти Рахмет Хайруллаев жумуш убактысы жарым-жартылай кайра каралып, эсепке алынбай калган сааттар боюнча акча төлөнөрүн билдирди. Айтымында, 13-айлык аталган сый акылар 2017-жылдын мартында берилет.
Хайруллаев кесиптик кошуун башчысы Салуакас Беккалиевге тагылган айыптарды алуу, анын өз иш бөлмөсүнө кирүүсүнө уруксат берүү жана профсоюздун тоңдурулган эсебин ачуу боюнча жумушчулардын талаптары прокуратурага айтылышы керектигин белгиледи.
«Бургылау» компаниясы жумушчулардын иш таштоосун мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен 1-октябрда Жаңы-Өзөн шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Сот 30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрдөгү иш таштоону мыйзам деген чечим чыгарган.