Ссылки доступа

Орусия Сирияга жаңы ракеталык комплекстерди жеткирди


Орусия биринчи жолу өлкө тышына С-380 ВМ «Антей-2500» зениттик-ракеталык комплексин жайгаштырууда. Бул тууралуу Fox News кабарлады.

Курал жүктөлгөн унаалар өткөн дем алыш күндөрү Жер ортолук деңиздин сириялык Тартус портуна жеткирилди. Ал жерде Орусиянын аскер-деңиз базасы бар. Техниканы али түшүрүшө элек, алар контейнерлерде сакталып турат.

С-380 ВМ АКШ жана алардын тарапташтарынын канаттуу ракеталары үчүн коркунуч жаратат. Алар мындан тышкары жакынкы жана орто алыстыктагы учактар жана баллистикалык ракеталар менен күрөшүүгө багытталган.

Үч жыл мурун президент Обама «Томагавк» тибиндеги канаттуу ракеталарды химиялык курал колдонгон Сирия армиясына каршы жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караган болчу. Орусия болсо эми өзүнүн аскер базасын коргоо үчүн Сирияда S-400 ракеталык-зениттик комплексин жайгаштырды.

Бир жыл мурун Сирия Орусиянын бомбалоосуна кабылгандан кийин президент Обама Москва Сириядагы жарандык согуштун сормо сазына батарын айткан. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти күн мурун Орусиянын аскердик кийлигишүүсү Асаддын режимин бекемдегенин расмий түрдө моюнга алды.

XS
SM
MD
LG