Ссылки доступа

Назарбаев менен Путин ЕАЭБ боюнча өз ара кызматташтыкты талкуулайт


Бүгүн Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болот.

Кремлдин билдирүүсү боюнча мамлекет башчылары Астанада эки тараптуу мамилелерди жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Жолугушуудан соң президенттер орус-казак бизнес-форумунда сөз сүйлөшөт. Форумдун транспорт жана логистика маселелерине арналары кабарланууда.

XS
SM
MD
LG