Ссылки доступа

Аскаров куранды кармап күнөөсү жок экенин айтты


Чүй облустук сотунда камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров Куранды кармап күнөөсүз экенин айтып, калпты аныктоочу детектордон өз ыктыяры менен өтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле ал Базар-Коргон районундагы окуяларга катышпаганын кошумчалады. Анын айтымында, укук коргоо органдарында ошол учур тартылган видеотасма бар, алар аркылуу ал жерде анын жок болгонун көрүүгө болот.

Ишке күбө катары катышып жаткан милиция кызматкерлери сөз болуп жаткан тасманын аларда жок экенин айтышты.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча айыптуу деп, 2011-жылы Жогорку соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG