Ссылки доступа

Казакстанда авариялык абалдагы жатакана жашоочулары башка жерге көчүрбөөнү суранышууда


4-октябрда Батыш-Казакстан облусунун Аксай шаарындагы авариялык абалда турган жатакананын жашоочуларынан турган демилгечи топ облустук акимчилик имаратынын алдына чогулушту. Алар бийлик тарабынан убактылуу берилген турак-жайдагы шарттарга нааразы болушуп, жатаканадагы бөлмөлөрүн менчиктештирүүгө уруксат берүүнү суранышты.

Азыркы тапта чогулгандар өрт коопсуздук эрежелери менен санитардык нормаларга жооп бербеген имаратта жашоосун улантышууда.

Демилгечи топтун мүчөлөрү менен облус акиминин орун басары Марат Токжанов жолугуп, жашоочулардын «эч кимиси көчөдө калбай турганын» убадалады. Бирок ошол эле учурда ал «жашоочулардын бардыгы тең мамлекеттен турак-жай аларына кепилдик бере албастыгын» кошумчалады.

Бул маселе боюнча демилгелүү топ мүчөлөрүнүн пикирлери ар башка болуп чыкты. Алардын бир бөлүгү жашоочуларды жатаканадан көчүрбөй, андагы өз бөлмөлөрүн менчиктештирүүгө жардам берүүнү өтүнүштү. Экинчи тарабы Аксай шаарчасынан убактылуу берилген турак-жайда жашап турууга макул, бирок андагы жашоо шарттарына нааразы экендиктерин билдиришти. Пенсионер Баян Жунисованын айтымында, убактылуу берилген бөлмөлөр тар жана үй-бүлөнүн эки башка жыныстагы мүчөлөрүнүн жашашы үчүн ылайыксыз.

Бийликтин ишендиришинче, жатакана каалаган маалда урап калышы мүмкүн. Имаратта жалпысынан 200 кишиден турган 76 үй-бүлө жашайт. Андагы 67 гана тургун жатаканада катталган.

Видео

XS
SM
MD
LG