Ссылки доступа

Журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камалышы боюнча даттанды


Орусия атайын кызматы тарабынан тыңчылыкка шектелип кармалган украиналык журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камакка алынышы боюнча даттанды. Бул тууралуу «Интерфакс» Лефортово сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Адвокат Марк Фейгин кечээ тергөө абагына кирип, камактагы журналист менен жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын айтымында, Роман Сущенко айыптоолорду четке кагууда. Дүйшөмбүдө Фейгин журналист менен жолуга алган эмес. Камактагы украин жаранына консулду да киргизишкен эмес.

"Укринформ" агенттигинин кабарчысы Роман Сущенко Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан өткөн жума күнү кармалган. 1-октябрда сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ал "Лефортово" тергөө абагында.

Атайын кызматтагылар Сущенкону украин чалгынынын кызматкери деп аташты. Ал тыңчылыкка шектелүүдө. Украинанын Коргоо министрлигинен ал маалыматтарды четке кагышты. Киев Орусиядан Сущенконун тез арада бошотулушун талап кылды. "Укринформ" журналисттин камалышын "пландалган чагым" деп атаган.

XS
SM
MD
LG