Ссылки доступа

2017-жылдан тарта Орусияда мажбурлап иштетүү жазасы киргизилет


Орусияда кылмыш жоопкерчилигинин жаңы түрү — мажбурлап иштетүү — эмдиги жылдан тарта колдонула баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын директорунун орун басары Валерий Максименко билдирди.

Максименко түзөтүү борборлоруна жөнөтүлгөндөр анда кадимкидей эле шартта жашап, бирок өз алдынча жумуш тандоо же борбордон жетекчиликтин уруксаты жок чыгуу укуктарына ээ болбой тургандыгын белгиледи.

2017-жылдын 1-январынан тарта Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызмат Тюмень, Тамбов облустарындагы, Ставропольск жана Приморье крайларындагы жоюлган абактардын базасында алгачкы төрт түзөтүү борборун ачат.

XS
SM
MD
LG