Ссылки доступа

ЕККУ Казакстан журналисттер биримдигинин башчысынын соттолушун айыптады


ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Сейтказы жана Асет Матаевдерге каршы чыгарылган катаал өкүмгө кабатыр экенин билдирди.

Миятовичтин 4-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө бул чечимдердин Казакстандагы ММКлардын эркиндигине коркунуч жаратары айтылган.

Дүйшөмбү күнү Астанада сот Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев менен анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаевди алты жана беш жылга эркинен ажыраткан. Алар мамлекеттин каражатын кымыруу, салык төлөөдөн качуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Ата-бала айыптоолорду четке кагышты.

Миятович соттун өкүмү Казакстандагы журналисттер биримдигинин жана КазТАГ агенттигинин жабылуусуна алып келиши мүмкүн деп айтты. Анын пикиринде, бул өлкөдөгү ММКлардын көп түрдүүлүгүнө олуттуу кедергисин тийгизет.

XS
SM
MD
LG