Ссылки доступа

Брюсселде ЕБ-Борбор Азия жолугушуусу өттү


Брюсселде 4-октябрда Евробиримдиктин мүчөлөрү менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 12-жолугушуусу болуп өттү.

Европалык комиссиянын вице-президенти Федерика Могерини менен эл аралык кызматташтык жана өнүгүү маселелери боюнча комиссар Невен Мимица Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан ТИМ башчыларын кабыл алышты.

Жолугушууда ЕБ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу, андан тышкары эл аралык маанидеги маселелер талкууланып, негизги басым жалпы коркунучтар жана чакырыктарга жасалды.

ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыктар. Бул багытта биримдик 2014-2020-жылдар үчүн жалпы көлөмү 1 миллиард евро болгон каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Борбор Азия боюнча стратегия 2017-жылы кайра каралып чыгат. Анын натыйжасында ЕБ менен БА ортосундагы кызматташтык мындан дагы жемиштүү болору күтүлүүдө. Докментте Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өзгөчөлүктөрү чагылдырылмакчы.

XS
SM
MD
LG