Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти атайын кызматтардын ишине нааразы


4-октябрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.

Жергиликтүү ММКлардын билдиришинче, жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук министрлигинин башчысы Доврангелди Байрамов баяндама жасап, 2016-жылдын тогуз айында өлкөдөгү коомдук-социалдык туруктуулукту сактоо максатында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Жыйын соңунда президент Гурбангулы Бердымухамедов министрликтин ишине нааразы экенин айтты. Мекеме башчысына «кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана мекеме алдындагы кызматтардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү азайтканы үчүн» катуу сөгүш жарыяланды.

Өлкө башчысы министрге тез аранын ичинде ишиндеги мүчүлүштүктөрдү жоюп, өлкөдөгү «жагымдуу коомдук-саясий климатты» сактап турууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG