Ссылки доступа

ICG: Кыргыз коомчулугундагы боштукту дин ээлеп алды


Эл аралык кризистик топ (ICG) өзүнүн акыркы баяндамасында 2000-жылдан бери Кыргызстанда ислам уюмдарынын саны кеминде эки эсеге өсүп, 2 миңден ашканын белгиледи. «Алардын бир бөлүгү либералдык көз караштарды карманышат, айрым уюмдар шарият мыйзамдарын колдошот», — деп айтылат баяндамада.

ICG мамлекеттик органдардын алсыздыгы жана андагы паракорчулуктан улам жаралган кыргыз коомчулугундагы боштукту диний агымдар, анын ичинде радикал топтор ээлеп алгандыгын билдирди.

Баяндамада коомдун алсыз катмарынан чыккан аялдарга өзгөчө көңүл бурулган. «Алардын көбү радикал кыймылдарга кокустан туш болуп калышат. Үй-бүлөлөрдүн туруктуулугуна миграциянын өсүшү да терс таасир этүүдө. Айрым аялдар диний уюмдардан колдоо издеп башташат. Андайларды «Хизб ут-Тахрир» сыяктуу радикал агымдарга азгыруу коркунучу бар», — деди уюмдун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Диердре Тайнен.

Ал Конституцияда жазылгандай, мамлекет жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздап, аны өкмөт дагы, коопсуздук кызматтары да сыйлашы керек деп эсептейт. Андан сырткары мамлекет билим алуу шарттарын жакшыртып, аны бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кылуусу зарыл.

XS
SM
MD
LG