Ссылки доступа

Казакстанда мунай компаниясынын жумушчулары иш таштоосун токтотту


Өткөн аптадан бери Жаңы-Өзөн шаарында иш таштап жаткан «Бургылау» мунайсервис ишканасынын жумушчулары 6-октябрда жумушка чыгышты. Алар маяналарды жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кесиптик кошуунга басым жасоону токтотуу талаптарын коюшкан.

Облус акими Алик Айдарбаевдин айтымында, шаршембиде мунай компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчулары жолугуп, бургулоо үчүн жыл соңуна чейин ишканага алты миллиард теңгелик (18 миллион доллардан ашык) 34 скважина берүү тууралуу кошумча келишим түзүлдү.

— Ал жыл аягына чейин жетет. Жумушчулар талап кылган эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасы «КазМунайГаз» компаниясынын ички документи болуп эсептелет. Жумуштун көлөмү менен бирге тарифтер да жогорулайт. Аларды эсептөөгө эки жумадай убакыт кетет. Андан соң «Бургылау» өзүнүн маяна төлөө системасында кайра эсептөө жүргүзөт, — деди аким.

Ал жумушчулар тарабынан тандалган кесиптик кошуун иштеп баштай турганын кошумчалады. Акимдин айтымында, кесиптик кошуундун төрагасы Садуакас Беккалтевге карата белгиленген шарттуу жаза чарасы жумушчулар менен түзүлгөн тынчтык келишимдин алкагында чечилет.

30-сентябрда «Бургылаунун» жүздөн ашык кызматкери жумушка чыгуудан баш тартышкан. Алар мунайгаз ишканаларына тиешелүү болгон эмгек акыны бирдиктүү төлөө системасына ылайык маянаны жогорулатууну, ошондой эле 2014-2016-жылдар аралыгындагы ашыкча аткарылган жумуштар үчүн бонустарды төлөп берүүнү жана кесиптик кошуун төрагасына кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG