Ссылки доступа

Түркмөнстанда Эскерүү күнү белгиленүүдө


Түркмөнстанда 1948-жылы болгон Ашхабаддагы жер титирөөнүн жана түркмөн эли катышкан согуштардын курмандыктарына арналган бирдиктүү Эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул күнү өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлүп, мечиттер менен чиркөөлөрдө аза күтүү жөрөлгөлөрү өткөрүлөт. Эскерүү күнүнө арналган башкы аза күтүү иш-чаралары Ашхабаддагы Halk hakydasy («Калк эскерүүсү») мемориалдык комплексинде болот. Анда Ашхабадды толугу менен кыйраткан 1948-жылдагы жер силкинүүнүн курмандыктарына арналган Ruhy tagzym (Рухий таазим) монументине гүл коюлат.

Эскерүү ырым-жырымдары Түркмөнстандын бардык аймактарында өтүп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган монумент алдына да гүл коюу иш-чарасы өтөт.

Ашхабадда 1948-жылы 6-октябрга оогон түнү катуу жер титиреп, шаардагы имараттардын 98% талкалаган. Өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов кырсыктан Ашхабаддын 198 миң жашоочусунун 176 миңи каза болгонун жазган.

XS
SM
MD
LG