Ссылки доступа

Александр Лукашенко Ислам Каримовдун сөөгү коюлган күмбөзгө барды


Беларус президенти Александр Лукашенко бейшемби күнү жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Самаркандда ал өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Лукашенко кызматташуу үчүн өлкөлөр ортосунда чоң потенциал бар экенин айтты.

«Биз өз ара мамилебизди чыңдоо жана экономикалык кызматташтык багытында бираз артта калдык. Жакынкы эки-үч жылда сөзсүз түрдө мындай күлкү келтирген товар алмашуу көлөмүнөн арылабыз деп ишенем. Бизде потенциал абдан чоң. Бизге силер керексиңер, силерге биздин экономика керек», – деди беларус лидери.

Шавкат Мирзиёев Беларусту «эзелки өнөктөш» жана «достук мамиледеги өлкө» деп атап, учурдагы товар алмашуу көлөмү эки өлкөнү тең канааттандырбасын билдирди.

Самаркандда Лукашенко Ислам Каримовдун жубайы менен жолугуп, ага көңүл айтты. Ошондой эле Беларус президенти Шахи Зинда мемориалдык комплексинин жанында жайгашкан «Хазрат Хизр» көрүстөнүнө барып, Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду.

XS
SM
MD
LG