Лола Каримова-Тилляева атасынын Самарканддагы мүрзөсүнө баргандагы сезимдерин сөз менен жеткире албай турганын жазды. Үй-бүлөдө баары атасын сагынып, аны жоктоп жатканын билдирди.
Мындан тышкары Лола атасынын көрүстөнүнө конгон ак көпөлөк туурасында айтып берди. Анын пикиринде, бул - акыретте Ислам Каримов кыйналбай, жакшы жүргөнүнүн белгиси. Каримова атасы алардын жүрөгүндө түбөлүк сакталарын кошумчалады.
Өзбекстан президентин акыркы сапарга узатуу зыйнатына 3-сентябрда өлкөнүн миңдеген жашоочулары чогулган. Ислам Каримовго аза күтүү бир нече күнгө созулган.