Ссылки доступа

Путин Су-24 атылып түшүрүлгөндөн кийин алгачкы жолу Түркияга барды


Орусия президенти Владимир Путин энергетика боюнча эл аралык саммитке катышуу үчүн Стамбулга барды. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды.

Бул түрк аскерлери тарабынан Су-24 учагы атылып түшүрүлгөндөн кийинки орус лидеринин Түркияга болгон алгачкы сапары. Стамбулда Путиндин Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Орусия учагы түркия-сирия чек арасында өткөн жылдын ноябрында атылып түшүрүлүп, анын пилоту курман болгон. Түркия бийлиги учак өлкөнүн аба мейкиндигине кирип барганын билдирген. Орусия айыптоолорду четке кагып, Анкарага каршы санцияларды жарыялаган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Эрдоган пилоттун өлүмүнө байланыштуу өкүнүчүн билдирген кат жолдогондон соң мамилелер нормалдашуу нугуна түшүп, Кремль санкциялардын бир тобун алган. Августта Путин менен Эрдоган Петербургда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG