Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан өз ара мамилелерин чыңдоо ниетинде


10-октябрда казак тараптын демилгеси менен Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.

Мамлекет башчылары жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын алкагында жакында келишилген макулдашуулар, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Өзбекстан менен Казакстандын делегацияларынын түрдүү деңгээлдеги жумушчу сапарларынын жыйынтыктарына жана приоритеттүү багыттар боюнча келишилген коммерциялык макулдашууларга жогорку баа беришти.

Андан сырткары Шавкат Мирзиёев менен Нурсултан Назарбаев аймактык жана эл аралык мүнөздөгү бир катар маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн жетекчилери өз ара пайдалуу болгон бардык тармактар боюнча эки тараптуу байланыштарды күчөтүү жана мындан аркы достук жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө тууралуу макулдашууга келишти.

XS
SM
MD
LG